ЖҮРӨГҮН ӨЙҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кандайдыр бир нерседен тынчсызданып, сары санаа болуу, санаркап ойлоно берүү, жүрөк заада болуу. Анын сөзү жүрөгүн өйүптурупалды (Ашымбаев). Өзү менен бирге болуп, бирге жүргөн адам жөнүндө анын санаасы тынса да, жүрөгүн өйүгөн даты эки нерсе - атасы менен сүйгөн кызы - Вера (Баялинов). Мына бул көрүнүш Күмүштүн жүрөгүн өйүй баштады (Жантөшев).